Ссылки доступа

Мобилизациядан качкан орусиялыктар Тажикстанга да барып жатат (видео)


Душанбе эл аралык аэропорту
Душанбе эл аралык аэропорту

Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Тажикстанга барган орус жарандарынын саны кескин көбөйүп, Душанбедеги мейманаканаларда бош орундар жок калды.

"Мейманканадагы бөлмөлөрдүн баары 30-сентябрга чейин бош эмес. Бул Орусиядан келгендер көбөйгөндүгүнө байланыштуу", – деди Hyatt Regency Dushanbe мейманканасынын өкүлү.

Шаардагы "Атлас" мейманканасынан кардарлар бөлмөлөрдү 2-октябрга чейин алдын ала ээлеп коюшканын билдиришти.

Орусиядан учуп келген жарандардын айтымында, Москвадан Душанбеге билеттер 144 миң рублден сатылууда. Ошол эле маалда орус паспорту бар тажикстандыктар мобилизациядан чочулап, Москвага баруу үчүн алдын ала алып койгон билеттерин өткөрүп жатканы кабарланууда.

"Мен Орусияга барарым менен орус жарандыгын алуу үчүн документтерди тапшырайын дегем. Бирок мобилизация жарыялангандан кийин бул оюмдан кайттым, анткени өтө кооптуу болууда. Мени менен бирге уча турган орус жарандыгы бар жүргүнчүлөрдүн көбү билеттерин кайра кайтарып беришти", – деди бир ай мурда мекенине келген Абдулвохид Абдусатторов аттуу Тажикстандын жараны.

Президент Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Орусиядан чыгып кеткен жарандардын саны кескин көбөйдү. Мындан улам орус-казак чек арасында узун кезек жаралып, Ташкент менен Бишкектин мейманканаларында бош орундар калбай калганы кабарланган.

«Миграция» россиян в Таджикистан после объявления мобилизации
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00
XS
SM
MD
LG