Ссылки доступа

Өзбекстандыктар жыл башынан бери салыктардан $38 млн кешбэк алды


Өзбекстандын Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын сегиз айында керектөөчүлөргө төлөнүп берилген кешбэктин суммасын жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, августта 787 937 керектөөчү 80,9 миллиард сум (7,3 миллион доллар) кешбэк алган.

Мындан тышкары салык отчеттуулугундагы кемчиликтер жоюлуп, салык карызы кыскартылгандан кийин 2022-жылдын январь-июль айлары үчүн кошумча дагы 2,7 миллиард сум (244 миң доллар) өлчөмүндө кешбэк төлөнүп берилген.

Ошентип, жыл башынан бери 1 168 591 керектөөчүгө төлөнүп берилген кешбэктин жалпы суммасы 421,3 миллиард сумду (38 миллион доллардан ашык) түздү.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG