Ссылки доступа

Казакстандын юстиция министри бюллетендеги "баарына каршы" графасынын маанисин түшүндүрүп бере алган жок


Казакстандын юстиция министри Канат Мусин өлкө президентин шайлоо бюллетениндеги "баарына каршы" графасынын маанисин түшүндүрүп бере алган жок.

"Мыйзамга ылайык, "баарына каршы" деп шайлагандардын добуштары шайлоочулардын эсебин алууда эске алынат, бирок шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда эсепке кирбейт, себеби талапкерлердин бирине добуш берилген эмес", - деди министр.

Журналисттер министрден: "Эмне үчүн "баарына каршы" графасы добуш берүүнүн жыйынтыгында эсептелбейт?", "Эгер ал эч нерсеге таасирин тийгизбесе, анда мындай графанын эмне кереги бар?", - деп сурашты.

Министр "баарына каршы" графасы эмне үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бере албасын түшүндүрө алган жок.

Жума башында Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы "баарына каршы" графасы – пикир билдирүү мүмкүндүгү гана экенин айткан.

Мыйзам боюнча шайлоодо добуш бергендердин 50 пайыздан ашыгынын добушун алган талапкер жеңүүчү деп эсептелет. Биринчи айлампада эч ким бул көрсөткүчкө жете албаса, экинчи жолу шайлоо өтүп, ага эң көп добуш алган алдыңкы эки талапкер катышат.

Бул сапар бюллетенде "баарына каршы" графасы болот. Жаңы графанын киргизилгенин Токаев 21-сентябрда жасаган кайрылуусунда билдирген.

Андан мурдараак Токаев президенттин 7 жылдык мөөнөткө шайланышын шарттаган Конституцияга киргизилген өзгөртүүгө кол койгон.

Президенттикке талапкерлерди жылдыруу 23-сентябрда башталды жана 11-октябрда аягына чыгат. Азырынча талапкерлер көрсөтүлө элек. Токаев шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG