Ссылки доступа

Тажикстандын расмий делегациясы ЕККУ жыйынына катышуу үчүн Варшавага барган жок


Мухиддин Кабири ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сүйлөп жатат. 27-сентябрь 2022-жыл
Мухиддин Кабири ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сүйлөп жатат. 27-сентябрь 2022-жыл

Пандемияга байланыштуу эки жылдык тыныгуудан кийин Польшанын баш калаасы Варшава шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ар жылкы жыйыны башталды.

ЕККУнун Демокартиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен Польшанын өкмөтү уюштурган негизги жолугушууларда дүйнөдөгү, анын ичинде Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланып, ага тажик активисттери менен оппозиция өкүлдөрү активдүү катышууда.

ЕККУнун өкүлдөрү быйыл Тажикстандын расмий делегациясы Варшавага барбаганын ырасташты. Душанбе бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Буга чейинки жылдары Тажикстандын бийлиги жыйындарга түрдүү топтор менен уюмдардын эч тоскоолдуксуз катышуусуна укук берген конференциянын эрежелерине нааразылык билдирип келген. Өз кезегинде ЕККУ өлкөдөгү адам укуктарынын абалына объективдүү баа берүү үчүн жыйынга оппозициялык топтордун катышуусу маанилүү экенин белгилеген. 2018-жылга чейин мындай жолугушуулар тажик оппозициясы менен бийлик өкүлдөрү бетме-бет жолугуп, кызуу талаш-тартыштар болгон маанилүү жана дээрлик жалгыз аянтча болуп келген.

ЕККУнун сайтына жарыяланган конференциялардын расмий программасы демократия менен адам укуктарынын абалына, камактагыларга катаал мамиле жасоо, кыйноого алуу сыяктуу адам укуктарына байланышкан башка маселелерге арналган. Мындан тышкары жыйында Орусиянын Украинадагы негизсиз согушуна өзгөчө көңүл бурулат.

27-сентябрда Европадагы оппозициялык төрт тажик тобун бириктирген "Улуттук альянстын" лидери Мухиддин Кабири "памир азчылыгынын жапырт өлтүрүлүшүн", жүздөгөн активисттер менен журналисттердин жалган айыптар менен камакка алынып, чет өлкөгө качышын "Тажикстандын жарандык коомуу үчүн трагедиялуу окуялар" деп атады.

Кабири Орусиянын, Беларустун жана Тажикстандын өкмөттөрү "жарандык коомду жок кылганын", бирок эл аралык коомчулук алар менен "сүйлөшүүгө жана кызматташууга" уөп убакыт коротуп жатканын билдирди. Анын пикиринде, эл аралык коомчулуктун бул өлкөлөргө карата мамилеси өзгөрүшү керек.

Мухиддин Кабири айткан "памир азчылыгынын өлтүрүлүшү" май айындагы окуяларга байланыштуу. Анда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары нааразылык акциясына чыгып, укук коргоо органдары аларды күч менен таркаткан. Жыйынтыгында ондогон киши өлүп, жүздөгөн адам камакка алынганы кабарланган. Бийлик акцияга чыккандарды "кылмыштуу топтордун" мүчөлөрү деп атаган. Бадахшандын активисттери алар тынч акцияга чыккан куралсыз жөнөкөй жарандар болгонун айткан.

Тажикстандагы абал 29-30-сентябрь жана 5-октябрь күндөрү өтө турган өзүнчө жолугушууларда да талкууланат. Бул жолугушууну чет өлкөлөрдөгү тажик коомдук жана саясий уюмдар демилгелеген.

XS
SM
MD
LG