Ссылки доступа

Өзбекстанда этиканы бузган беш райондун акими иштен алынды


27-сентябрда президент Шавкат Мирзиёевдин токтомунун негизинде Анжиян облусунун Асака, Анжиян жана Пахтаабад райондорунун, Фергана облусунун Фергана районунун, Самарканд облусунун Нурабад районунун акимдери иштен алынды.

Өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Асака районунун акими Мансурбек Алиханов менен Фергана районунун башчысы Шухратжон Муминов жер иштерине байланышкан укуктук документтерди жана башка мыйзамдарды олуттуу түрдө бузганы үчүн кызматтан алынды.

Пахтаабад районунун акими Элёрбек Усманов менен Нурабад районунун башчысы Шерали Йулдашев этика эрежелерин бузганы, Анжиян районунун башчысы Абдужаббор Эгамбердиев жарандарды сыйлабаганы, мамлекеттик кызматчынын эткасын бузганы үчүн кызматтан бошотулду.

2021-жылы декабрда соцтармактарда Асака районунун акими Мансурбек Алиханов жарандар менен орой сүйлөшкөнү тартылган видео тараган. Бул үчүн акимдин маалымат кызматы иштен алынган.

Анжиян районунун акими Абдужаббор Эгамбердиевдин быйыл августта ага келген жарандарды тургузуп коюп, өзү чатырчага отуруп алып сүйлөшкөнү сынга алынган.

XS
SM
MD
LG