ЖМКлардын маалыматына караганда, 27-сентябрда нааразылыктын катышуучулары менен полиция кагылышты, көптөгөн кишилер камалды. Демонстрация Тегеран, Тебриз, Коража, Кум жана Йезд шаарларында өтүп жатат.
Fars маалымат агенттигинин кабарлашынча, 16-сентябрдан бери полиция менен болгон кагылышуулардан кеминде эле 60 киши набыт болду.
Укук коргоочулар айрым райондордо интернет өчүрүлгөнүнө байланыштуу алар окуя учурунда тартылган видеолор менен бөлүшө албай жатканын айтышууда.
Бул арада Ирандагы Адам укуктарын коргоо уюму кеминде 76 киши өлгөнүн, 1200 адам кармалганын билдирүүдө. Tasnim агенттиги кармалгандардын арасында Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Хошими Рафсанжанинин кызы да бар экенин жазды.
22 жаштагы Махса Амини Тегеранда хижап кийүү жөнүндө мыйзамды бузуу айыбы менен камалган. Камалгандан кийин ал комага түшүп, үч күндөн кийин ооруканада каза болгон.