Ссылки доступа

NetBlocks Казакстанда интернет байланышы начарлаганын каттады


Глобалдык түйүндүн бөгөттөлүшүнө мониторинг жүргүзгөн Лондондо жайгашкан NetBlocks тобу 28-сентябрда эртең менен Казакстанда интернет байланышы белгиленген денгээлден 23% түшүп кеткенин кабарлады.

Уюмундун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, аталган “масштабдуу” мүчүлүштүк төрт саатка уланган.

“Мониторинг бул окуя мурда катталган өчүрүүлөрдөн айырмаланганын жана интернет-провайдерлер DDoS-чабуул катары реакция жасаганын көрсөттү”, - деп билдирди NetBlocks тобунун аткаруучу директору Альп Токер.

Буга чейин Казакстандын Улуттук кооопсуздук комитетинин Техникалык кызматы Интернеттин казак сегментинде киберчабуул болгонун, мындан улам интернетке туташуу кыйындаганын кабарлаган.

Интернеттин ылдамдыгы төмөндөп кеткендиктен Атырау жана Алматы шаарларындагы аэропорттордо каттамдар кечикти. Кызматкерлер жүргүнчүлөрдү кол менен каттоого аргасыз болушту.

NetBlocks тобунун маалыматына ылайык соңку ирет Казакстанда интернет 5-январга караган түнү – жапырт башаламандык күчөгөн маалда начар иштей баштаган жана кийинки күнү ал жалпы улуттук масштабда өчүрүлгөн.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG