27-сентябрда Саясий иликтөөлөр ассоциациясынын директору Карлыгаш Нугманова "Фейсбуктагы" баракчасына Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын Орусиянын курамына кошуу боюнча өткөн "референдумга" эл аралык байкоочу макамында атайын борт менен Москвадан Луганск аймагына жеткирилгенин жазган.
Киев менен эл аралык коомчулук бул "референдумдарды" сындап, анын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын жарыялашкан.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бул маселеде мамлекеттин аймактык бутүндүгү принцибин жактай турганын билдирген.