Ссылки доступа

Өзбекстанда 3-класстын окуучусу мектептин короосунда каза болду


Социалдык түйүндөрдө Сурхандарыя облусунун Денау районундагы №57 мектептин 3-классында окуган кыз киши колдуу болгону тууралуу билдирүүлөр пайда болду.

Облустук прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, 27-сентябрда кечке жакын аталган райондогу "Буюк ипак йули" маалесинин тургуну З.К. аттуу тааныш кызды Сариосиё районуна алып кеткен.

"Үйүнө келгенде ал З.Кнын саламаттыгы начарлап кеткенин көргөн, бирок ага жардам берген эмес. Кыз өзүнө-өзү кам көрө албасын түшүнгөндөн кийин аны №15 мектептин короосуна алып барып таштап, ал ошол жерде каза болгон", – деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча 28-сентябрда Денау райондук прокуратурасы "Адамды өлүмгө алып келген кооптуу абалда калтыруу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул берене боюнча күнөлүү деп табылгандар үчүн эки жылга чейин коомдук жумуштарды аткартуу, бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.
Учурда тергөө иштери менен Денау райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү алектенүүдө.

XS
SM
MD
LG