"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыктоону талап кылышты. Талаптарын президентке жана парламентке жолдошту.
2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.
27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.
Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.
Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, "Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген.