Ссылки доступа

Токаев Биринчи президенттин күнүн жоюу жөнүндө мыйзамга кол койду


Казакстанда Биринчи президенттин күнү расмий түрдө мамлекеттик майрамдар тизмесинен алынды.

Касым-Жомарт Токаев 29-сентябрда Нурсултан Назарбаевдин бийлиги тушунда алынып салынган Республика күнүн кайтаруу жөнүндө мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүгө да кол койду.

1990-жылы 25-октябрда Казакстандын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алынган. Анын текстин ал кездеги Жогорку Кеңеш бекиткен. Республика күнү 1992-жылдан баштап 2009-жылга чейин белгиленген. Андан соң ал Назарбаев кол койгон мыйзамдын негизинде майрамдардын катарынан чийилген.

Туңгуч президенттин күнү Казакстанда 2012-жылдан бери белгиленип келген. 1-декабрь Мамлекеттик символдордун күнү же Алкыш күнү сыяктуу коомдук маанилүү майрамдардын катарында болгон. Календарда бул дата кызыл менен белгиленген.

XS
SM
MD
LG