Ссылки доступа

АКШ элчилиги: Казакстандагы орусиялыктар Кошмо Штаттардан башпаанек сурап кайрыла алышпайт


Казакстанга келип жаткан орусиялыктар бул өлкөнүн аймагында АКШдан башпаанек сурап кайрыла алышпайт. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына АКШнын Казакстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

"АКШнын Астанадагы элчилиги менен Алматыдагы башкы консулдугу башпаанек же качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчтөрдү кабыл албайт. Орусиялыктар мындай өтүнүч менен АКШда жүрсө жана америка жараны болбосо гана кайрыла алышат", – деп жазылган дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Элчилик башпаанек берүү өтүнүчтөрүн АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы (USCIS) карай турганын белгилеп, каалоочуларга кошумча маалымат алуу үчүн ошол мекемеге кайрылууну сунуштады.

АКШнын качкындарды кабыл алуу программасы БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги (UNHCR) жана дүйнө жүзүндөгү өнөктөш бейөкмөт уюмдар менен иштешет.

27-сентябрда Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Орусияда жарыяланган мобилизациядан качып, согушка катышкысы келбегендер АКШдан башпаанек алуу өтүнүчү менен кайрылса болорун билдирген.

21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Орусиянын башка өлкөлөр менен чек араларында бир нече чакырымдарга созулган автоунаа тыгындары жаралып, авиа жана темир жол каттамдарына билет баалары кескин жогорулап кеткен. Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин өлкөгө 98 миң орусиялык кирген.

XS
SM
MD
LG