Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Полунин "Встанем" деген ырга бийлеген. Бул ыр орус армиясына арналып, алгачкы жолу 23-февралда – Орусия Украинага басып киргенге бир күн калганда ырдалган.
Полунин иш-чаранын уюштуруучулары ага кыйкырып, музыканы өчүрүүнү талап кылышканын билдирүүдө. Бийчинин айтымында, Өзбекстандын Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү ага орой мамиле кылып, эмгек акысын төлөп берүүдөн баш тартышкан. Буга байланыштуу Полунин Орусиянын элчилигине кайрылып, аны коргоону өтүнгөн.
"Биз мындай нерселерге көз жумуп, орус артисттерине, орус маданиятына мындай мамиле кылууга жол бербешибиз керек", – деди бийчи.
Өз кезегинде өзбек аткаминерлери орус бийчисинин айыптоосуна жооп берип, Полунинге ал келишимде макулдашылган шарттардын чегинен чыкканы үчүн эскертүү берилгенин билдиришти.
Денесине орус президенти Владимир Путиндин үч сүрөтүн тарттырып, свастика формасында тату түшүргөн Сергей Полунин 25-26-сентябрь күндөрү Ташкенттеги Алишер Навои атындагы Опера жана балет театрында концерт берген.