Ссылки доступа

Акылбек Жапаров чек арачылардын айлыгы эки эсе көтөрүлгөнүн билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрдан тарта чек арада иштеген аскерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн айтты.

Ал Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында болду. Жапаров менен жолуккан жергиликтүү тургундар чек арачылардын айлыгын көбөйтүү маселесин көтөрүштү.

"16 миң сом айлык алып жаткандар эми 38 миң сом алат. Лейлек менен Баткенге эки коэффициент кошулат, ошондо алар 76 миң сом алышат, - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 29-сентябрда Лейлек районуна барды. Ал куралдуу кагылышта жабыркаган аймактар менен таанышууда. 30-сентябрда Баткен районунда болору расмий кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG