Ссылки доступа

Ферганада журналист Азиз Юсупов кармалды (видео)


Азиз Юсупов.
Азиз Юсупов.

Францияда жайгашкан Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча ассоциация жана дагы төрт эл аралык укук коргоо уюму журналист жана активист Азиз Юсуповдун камалышын сындады.

Уюмдун билдирүүсүндө Азиз Юсупов укук коргоочу, көз карандысыз журналист жана мурдагы саясий туткун экени белгиленген.

Юсупов ЕККУнун адам укуктары боюнча Варшавадагы конференциясына барарына бир нече күн калганда кармалган. Укук коргоочулар бийлик анын эл аралык уюмдун алдында сөз сүйлөөсүнө бөгөт койду деп эсептешет. Конференцияда ал Өзбекстандагы адам укуктарына байланыштуу бейтарап маалымат берүүгө ниеттенгени айтылууда.

“Азиз Юсуповдун кармалышы Өзбекстан өкмөтүнүн адам укуктары тармагында ийгиликтүү реформалардын алдыга жылып жатканы жөнүндөгү билдирүүсүнө шек жаратат”, – деди Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюмунун (IPHR) директору Бриджит Дюфур.

23-сентябрда Юсупов Польша элчилигине барып, виза алуу үчүн арыз тапшырган. 25-сентябрда ал ички иштер башкармалыгына чакырылган, андан соң кармалган. Ал маңзат сактоого шектелүүдө. Азиз Юсупов айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG