Ссылки доступа

Түркмөнстан киберкоопсуздук үчүн 29 млн. еврого атайын жабдуу сатып алат


Интернетти жана сөз эркиндигин катуу чектөөгө айыпталган Түркмөнстан бийлиги  өлкөнүн Киберкоопсуздук кызматы үчүн 29,4 миллион евролук атайын жабдууларга буюртма берди.

Бул тууралуу turkmen.news көз карандысыз басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, документке Түркмөнстандын мурдагы президенти кол койгон.

Ага ылайык, мамлекеттик “Туркменарагатнашык” агенттигинин алдындагы Киберкоопсуздук кызматынына румыниялык NTT DATA Romania S.A компаниясы менен атайын жабдууларды, программалык камсыздоолорду жана түркмөн адистерин окутуу боюнча келишим түзүүгө уруксат берилген. Келишим боюнча жабдуулардын жана кызматтын наркы 29.401.506 еврону түзөт.

Документте жабдуулар жана кызматтар кандай максат үчүн колдонулары айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG