Ссылки доступа

Путинди жактаган бийчи Полунин орус бийлигине таарынды


Бийчи Сергей Полунин Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарынын аннексияланышына байланыштуу Москванын Кызыл аянтында өткөн концертке катышпай калганы үчүн Орусия ТИМин күнөөлөдү.

Полунин “Инстаграмдагы” баракчасына биринчи аны Шаман аттуу ырчынын Украинада набыт болгон орус жоокерлеринин элесине арналган "Встанем" ырына бийлеп берүүгө чакырышканын, кийинчерээк эч кандай себепсиз номерди тизмеден алып салышканын жазды. Концерттен кийин бийчи номерге Орусия ТИМи тыюу салганын, буга Өзбекстан ТИМинен түшкөн арыз себеп болгонун кабарлады.

Ал орусиялык аткаминерлерге: “Жигиттер, мен силерди коргодум эле го”, - деп кайрылды.

Бир нече күн мурун Полунин ушул эле номерин Ташкентте аткарган. Украинага каршы согушуп жаткандарды жактаган бул чыгармага Өзбекстандын бир катар расмий өкүлдөрү нааразы болушкан. Өзбекстандын аткаминерлери Полуниндин соцтармактагы айыптоосуна жооп кайтарышып, ал гастролдун шарттарын бузганы үчүн эскертүү алганын айтышты.

Москвадагы концертте Шаман "Встанем" ырын ырдады, бирок Полунин катышкан жок. Шаман Орусиянын гимнин да аткарып, аны Владимир Путин коштоду.

Украиналык Полунин орус жарандыгын 2018-жылы алган.

Орус паспортун алганда ал: “Мен Орусия жараны болгонум үчүн, ошондой эле Украина, Грузия жана башка өлкөлөрдө революция жараткан жаман, абийирсиз кишилерге каршы турганым үчүн бактылуумун”, - деп жазган.

Полуниндин Путиндин сүрөтү тартылган бир нече татуировкасы бар.

XS
SM
MD
LG