Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев расмий сапары менен Венгрияга барат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3−4-октябрь күндөрү расмий сапары менен Венгрияда болот. Сапардын алкагында Мирзиёев Венгриянын президенти Каталина Новак жана премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, "көрүнүктүү документтердин топтомуна" кол коюлат деп күтүлүүдө.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл-чарба, каржы жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары эл аралык жана аймактык саясат, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы өз ара кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев Венгриянын алдыңкы компанияларынын жана банктарынын жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрөт.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу мамилелер боюнча көрүнүктүү документтердин топтомуна кол коюу пландалып жатат", – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG