Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы журналисттин жубайы президентке кайрылды


Тажикстанда камактагы журналист Абдулло Гурбатинин жубайы Муборак Косим президент Эмомали Рахмонго кайрылып, күйөөсүн абактан чыгарууга жардам берүүсүн өтүндү. Буга чейин прокурор соттон Гурбати үчүн сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Абдулло Гурбати милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү жана экстремисттик уюм менен кызматташуу айыптары менен төрт ай мурда кармалган.

Анын жубайы Муборак Косим президенттин атына жолдонгон "Фейсбук" баракчасындагы билдирүүсүндө күйөөсү эч качан өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү болбогонун жана милиция кызматкерлерин кемсинтип, аларга зомбулук көрсөтпөгөнүн жазган.

"Негизги доомат анын "Фейсбуктагы" айрым билдирүүлөрүнө карата айтылууда. Ал билдирүүлөрдү эмоцияга алдырып жазган, бирок алардын оппозициялык топторду колдоого эч кандай тиешеси жок. Ар бир адам ката кетирет, аларды кечирип койсо болот. Албетте, мамлекетке чыккынчылык кылуу кечирилбейт, бирок Абдулло мамлекет менен элди эч качан саткан эмес", – деп жазылган кайрылууда.

Муборак Косим билдирүүсүндө президент Эмомали Рахмонду күйөөсүнүн ишине кийлигишип, аны эркиндикке чыгарууга көмөктөшүүсүн өтүнгөн.

Абдулло Гурбати кесиптеши Далер Имомали менен бирге быйыл июнда кармалган. Ага чейин алар YouTube'га социалдык көйгөйлөр тууралуу видеорепортаждарды жарыялап келишкен. Журналисттик уюмдар алардын кармалышына дал ошол репортаждар себеп болгонун белгилеп келишет. Абдулло Гурбатиге карата өкүм жакынкы күндөрү чыгат деп күтүлүүдө.

30-сентябрда Журналисттерди коргоо комитетинин Европадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Том Гибсон Варшавада өткөн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун ар жылкы жыйынында сүйлөп, Тажикстанда көптөгөн журналисттер менен блогерлер камакка алынганын белгилеп, Душанбеден аларды бошотууну талап кылган. Бүгүнкү күндө оор кылмыштарды кылган деген айып менен Тажикстандын тергөө абактарында Далери Имомали, Ульфатхоним Мамадшоева, Завкибек Саидамини, Абдулло Гурбати, Абдусаттор Пирмухаммадзода жана Хушом Гулом аттуу журналисттер жана блогерлер камакта отурушат.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG