Ссылки доступа

Орусиядагы тажик мигранттары оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө жөнөтүлдү (видео)


Мариупол шаарындагы тажик мигранттары
Мариупол шаарындагы тажик мигранттары

Орусиянын курулуш компаниялары оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөттү. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Радионун кабарчысы менен байланышка чыккан 30 жаштагы Курбон Шарифов Мариуполдо август айынын аягынан бери иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, аларды Мариуполго буга чейин тажик мигранттары иштеп келген Москвадагы "Реставрация" курулуш компаниясы жөнөткөн. Алгачкы ай үчүн куруучуларга 130 миң рублден (2350 доллар) маяна төлөшкөн. Бул тажикстандык куруучулар Москвада алган айлыктан эки эсеге көп.

"Кийинки айларда да ушундай айлык төлөйбү билбейбиз. Бул жакта талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип, терезелерин алмаштырып, чатырларын жаңыртып жатабыз. Бизди убактылуу турак жай жана үч маал тамак менен камсыз кылышты", – деди Шарифов.

Мариуполго жөнөтүлгөн тажик мигранттарынын так саны белгисиз. Шарифовдун айтымында, "Реставрация" курулуш компаниясы эле бул шаарга 110 киши жөнөткөн. Алардын көбүн Тажикстандын жарандары түзөт. Мариуполго жумушчуларды жөнөтүү менен башка курулуш компаниялар да алектенүүдө.

Орусияда анча чоң эмес курулуш компанияларга ээлик кылган Тажикстандын айрым жарандары да Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө жумушчуларды жөнөтүп жатышат. Аты-жөнүн жана фирмасынын аталышын айтуудан баш тарткан алардын бири Мариуполго 30 миң курулушчу жөнөтүүгө буюртма келгенин билдирди.

"Кечээ автобус менен жумушчулардын тобун жөнөттүк. Бүгүн алар иштей башташты. Биздин жумушчулардын көбүн Тажикстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар түзөт", – деди ал.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги тажик жарандарын Мариуполду калыбына келтирүү иштерине жөнөтүү боюнча орус бийлигинен расмий билдирүү болбогонун айтышты. "Айрым мекендештерибиз бул боюнча бизге телефон чалышкан. Биз аларга кооптуу аймактарга барбоо кеңешин бердик", – деди элчиликтин өкүлү.

Мариупол – Украинанын Донецк облусунун өнөр жай борбору жана Азов деңизиндеги ири эл аралык соода порту болуп эсептелет. Бул шаар үчүн кармаш 2022-жылдын 25-февралында башталып, май айында гана орусиялыктардын карамагына өткөн.

XS
SM
MD
LG