Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) катары түзүлүп, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.
Өзбекстан уюмга кирүү ниетин 2018-жылы билдирип, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммитте кабыл алынган. Учурда Венгрия менен Түркмөнстан бул уюмда байкоочу макамына ээ.
2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте кеңештин аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.