Ссылки доступа

21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңдей орусиялык келди


21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңдей орусиялык кирип, 147 миң киши чыгып кетти. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги 21-28-сентябрь аралыгында Орусиядан адаттагыдан 2-3 эсе көп адам келгенин билдирген.

Негизинен орусиялыктар казак-орус чек арасына жакын Батыш Казакстан, Актөбө, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Атырау облустарына жана Астана менен Алматы шаарларына келип жатышат.

Казакстандын санариптик өнүгүү министри 4-октябрда билдиргендей, 21-сентябрдан бери 70 миң Орусия жараны жеке идентификациялык номер алды.

Видео

XS
SM
MD
LG