Булактын айтымында, Пирмухаммадзода учурда депрессиялык абалда, колу менен тырмактары көгала болуп, карарып кеткен.
"Анын бетинде кыйноонун белгилери жок. Жакында эле жакындары менен жолуккан. Жанында расмий өкүл тургандыктан кыйноого кабылганы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Чынында ал көптөгөн кыйноолордон кийин күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөгө кол коюп берүүгө аргасыз болгон", – деди булак.
Бул маалыматтарды расмий булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес. Анткени тергөө абагынын да, Жазаларды аткаруу кызматынын да жетекчилери бул иш боюнча маалымат берүүдөн баш тартууда.
Блогердин жакындары анын иши боюнча сот кийинки жумада Душанбенин Сомони райондук сотунда башталарын билдирүүдө.
Абдусаттордун агасы Абдукарим Пирмухаммадзоданын айтымында, инисине тагылып жаткан айып саясат талдоочу Абдулло Рахмонун соцтармактарга чыгарган "Революция декларациясы" деген ырына байланыштуу.
"Абдусаттор ал ырга "жакты" деген белгисин койгон. Жазуучулар союзу адвокатка бул патриоттук ыр экенин айтышкан. Ырда "нахзат" деген сөз бар. Бирок ал өлкөдө тыюу салынган ислам партиясы эмес, "кыймыл", "багыт" деген мааниде берилген. Бирок бийлик биринчи версияны негиз кылып алууда", – деди Абдукарим.
Анын айтымында, айыптоонун экинчи бөлүгү Абдусаттор Пирмухаммадзоданын журналист Далер Имомалинин кармалышы боюнча айткан пикирине байланыштуу: "Иним эгер Далер узак мөөнөткө камалса, анда ал адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн баатырдыктын символу, жаңы тажик журналистикасынын образы болуп каларын жазган. Бийлик бул сөздөрдү экстремисттик сөздөр деп тапкан", – деп кошумчалады блогердин агасы.
Кезинде Тажикстандын мамлекеттик телеканалдарында иштеген Абдусаттор Пирмухаммадзода акыркы жылдары блогерлик менен алектенип, 40 миң катталуучусу бар YouTube каналын иштетип келген. 9-июлда ал Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ага каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо жана экстремизмди актоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Акыркы үч айдын ичинде Тажикстанда жети блогер жана журналист камакка алынды. Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Батыш өлкөлөрү тажик бийлигине бир канча жолу кайрылып, журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырышкан. Бирок бийлик бул чакырыктарга реакция кылбай келет.