Ошол эле маалда казакстандыктар бул компаниялардын акцияларын сатып алып, квартал сайын ижара кирешесинен түшкөн дивиденддерден ала алышат. Бул тууралуу Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Каирбек Ускенбаев билдирди.
Ал турак жайларды ижарага берүү рыногу азыр көзөмөлдөнбөй жатканын белгиледи.
Анын айтымында, министрлик турак жайларды ижарага берүү боюнча жеке базарды түзүү үчүн өз сунушун даярдоодо.
“Биз бизнес менен алектенбеген мамлекеттик кызматкерлердин да, пенсионерлердин да, дарыгерлердин да, педагогдордун да акция сатып алганга укугу болушун каалайбыз. Маселен, алар турак жайды ижарага берген кайсы бир акционердин коомдун акцияларын сатып алышса болот. Шарттуу түрдө айтканда бул ишкана турак жайга инвестиция жумшап, ижара акысын алып, ай сайын, жок дегенде квартал сайын бул кишилерди киреше менен камсыздап турса болот”, - деди Каирбек Ускенбаев.
Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Казакстанга келген орусиялыктардын саны көбөйүп, турак жай ижарасы кескин кымбаттап кетти. Алматы жана Астана шаарларында баа көтөрүлгөнүн шылтоо кылуу менен айрым жашоочуларды батирден чыгарган учурлар катталып жатканы айтылууда. Ушундай эле көрүнүш Кыргызстанда да болуп жатат.
Биринчи насыя бюросунун маалыматына караганда, бир жылда Казакстанда турак жай ижарасы 50% кымбаттады.