Ссылки доступа

Алматыда каракалпакстандык активист кармалды


Алматыда 4-октябрь күнү кечинде каракалпакстандык активист Зиуар Мирманбетова кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди.

Анын айтымында, активистти үйүнөн алып кетип, полиция департаментине жеткиришкен. Муратбай муну менен Казакстанда каракалпак диаспорасынын төртүнчү өкүлү кармалганын маалымдады.

Сентябрдын ортосунда Алматыда диаспоранын үч активисти кармалган. Алар куугунтуктоону Каракалпакстанда июлдун башында болгон жапырт нааразылыктар менен байланыштырышкан.

Раис Худайбергенов, Жангелди Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов "Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө кол салууга" шектелүүдө. Алар 40 кунгө камакка алынган.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG