Ссылки доступа

Казакстан ТИМи Захарованын украин элчиси тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын билдирүүсүнө реакция кылды.

Захарова күн мурун Украинанын Казакстандагы элчиси Пётр Врублевский Астанага кайтып келип, дипломатиялык кабыл алууларга ачык эле катышып жатканына жана иштен алынбаганына нааразылык билдирген. Өз сөзүндө ал дипломатка карата "согушчул русофоб" жана "жеткен улутчул" деген сөз айкаштарын колдонгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров казак тарап Захарованын билдирүүсүнө "түшүнбөй" жатканын билдирген.

"Биздин көз караш боюнча, бул Казакстан менен Орусиянын тең укуктуу стратегиялык өнөктөштүк иретиндеги союздаштык мүнөзүнө каршы келерин белгилегим келет", - деген Айбек Смадияров.

Анын айтымында, украин тарапка "Врублевский мырзанын "чагымчыл жүрүм-турумуна" карата Казакстан ТИМинин принципиалдуу позициясы" жеткирилди. Мындан тышкары Украинага "Пётр Врублевскийдин казакстандыктардын, өзгөчө этникалык орустардын сезимдерин жаралаган билдирүүлөрү кабыл алынгыс экени" айтылды.

"Украин тарап муну түшүнүү менен кабыл алып, элчини чакыртып алуу боюнча макулдашууга жетиштик. Азыр элчиликке жаңы талапкер каралып жатат, жакынкы убакта дайындалат деп күтүлүүдө. Врублевский мырза жаңы элчи дайындалгандан кийин өлкөдөн чыгып кетет", – деди Смадияров.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий каналдарында бул боюнча эч кандай билдирүү жок.

Күн мурун ТАСС агенттиги Мария Захарова Казакстандын Орусиядагы элчиси Эрмек Кошербаевди чакыртып, Украинанын элчиси Петр Врублевскийдин "кызматынан бошотулбаганына" нааразылык билдиргенин кабарлаган.

Август айында Казакстан ТИМи Петр Врублевскийдин орустар жана согуш тууралуу айткан сөздөрүнө нааразылык билдирген. Кийинчерээк Врублевский Казакстандан чыгып кеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG