"Коомчулук алдыдагы шайлоого кайсы уюмдун атынан талапкер болорума өзгөчө кызыгып жатканын көрүүдөмүн. Ачык эле айтып коёюн, мага түрдүү республикалык уюмдар менен партиялардан талапкер болуу боюнча сунуштар келип жатат. Бул акыркы үч жарым жылдын ичинде ишке ашырылып жана пландалып жаткан өзгөрүүлөргө карата жарандардын колдоосу кыйла өскөнүн көрсөтүп турат. Шайлоого кайсыл бир конкреттүү уюмдун эмес, өлкөдө жасалып жаткан реформалардын социалдык базасын түзгөн коомдук-саясий күчтөрдүн кеңири коалициясынын атынан барсам туура болот деп ойлойм", – деди Токаев.
Президенттин бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурда бир катар республикалык уюмдар Токаевди президенттикке талапкер катары көргүлөрү келерин билдиришкен. Алардын арасында Улуттук ыктыярчылар түйүнү, Казакстандын жарандык альянсы, Qazaqstan Team жаштар биримдиги, Ардагерлер уюму жана Казакстандык спортчулардын биримдиги бар.
Токаев мамлекет башчысы катары дагы бир жолу алдыдагы президенттик шайлоо таза, ачык жана адилеттүү өтөрүнө кепилдик берди.
Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда президенттикке талапкерлигин коюу ниетин Токаевден башка дагы төрт киши билдирди: "Ауыл" партиясынан Жигули Дайрабаев, Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынан Нурлан Ауесбаев, "Аманат" кесиптик кошуундар бирлигинен Мейрам Кажыкен жана түбү казакстандык Польшанын жараны Балли Мажец (Балжан Наурызбаева). 5-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Дайрабаевдин документтерин кабыл алып, Мажецтикин кабыл алуудан баш тартты.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.