Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Завкибек Саидамининин иши сотко өттү


Завкибек Саидамини
Завкибек Саидамини

Тажикстанда камактагы журналист Завкибек Саидамининин иши Душанбедеги Исмоили Сомони райондук сотуна жөнөтүлдү.

Журналист өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана оппозициялык "Группа 24" кыймылы менен кызматташкан деп шектелүүдө. Эгер ал күнөөлүү деп табылса беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Саидамини өзү айыптоолорду четке кагып келет.

Журналисттин апасы Хабиса Ятимова тергөө абагындагы уулу менен үч айдан бери көрүшө албай жатканын билдирди.

"Балам кылмышкер экенине ишенбейм. Ал кармалганда Вахдат шаардык милициясынан он күндөн кийин бошотуларын айтышкан... Ага тамак-аш, кийим-кече берип турабыз. Бирок жолугушууга таптакыр уруксат бербей жатышат. Келинчеги менен балдары да жолуга элек",– деди Ятимова.

Азырынча Саидамининин иши боюнча сот качан башталары белгисиз. Райондук соттон бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Завкибек Саидамини быйыл 8-июлда Душанбеде кармалып, Вахдат шаарына жеткирилген. Ал мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда блогерлик кылып, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген.

Бүгүнкү күндө Тажикстандын тергөө абактарында журналисттер жана блогерлер Далери Имомали, Ульфатхоним Мамадшоева, Абдусаттор Пирмухаммадзода жана Хушом Гулом камакта отурат. 4-октябрда Душанбенин Шохмансур райондук соту журналист Абдулло Гурбатини 7,5 жылга эркинен ажыратты.

XS
SM
MD
LG