Маалыматка караганда, окуя Куштепин районунда 1-октябрда болгон. И.Р аттуу үй ээси келининен кечкиге "даамдуураак" тамак даярдоону талап кылган. Келин колунан келгениндей жасарын, тамак кандай болсо да аны жей тургандыктарын айтып, эшикти катуу жаап чыгып кеткен. Анын бул аракетинен улам эшиктин айнектери сынган.
Тергөөнүн версиясына ылайык, кайнатасы келининин мындай мамилесине жинденип, ашканага барып аны желкеге чапкан.
"Андан соң эс-учун жоготуп койгон келинди унаасы менен айылдын четиндеги дөңсөгө алып барып, ашкана бычагы менен мууздап салган. Сөөгүн таштандыга ыргытып, башын баштыкка салып жергиликтүү фермердик чарбалардын бириндеги арчанын арасына катып койгон", – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Шектүү кармалып, ага каршы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.