Ссылки доступа

Amanat партиясы президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү


Amanat партиясынын 6-октябрда өткөн кезексиз курултайында партиянын төрагасы, парламент мажилисинин спикери Ерлан Кошанов азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер кылып көрсөтүүнү сунуштады.

"Бул шайлоо "Адилеттүү Казакстандын" өнүгүү багытын аныктайт. Эл өз талапкерине өлкөнүн тагдырын жана өзүнүн келечегин ишенип тапшырат. Биз үчүн эң татыктуу талапкер – Касым-Жомарт Кемелевич Токаев. Менин бул сунушумду колдоп коюуга чакырам", – деди Кошанов партия мүчөлөрүнө кайрылып.

Курултайдын делегаттары бул сунушту кол чабуулар менен кубаттап, Токаевдин талапкерилигин бир добуштан колдоп беришти.

5-октябрда бир катар республикалык уюмдар Токаевди президенттикке талапкер катары көргүлөрү келерин билдиришкен. Алардын арасында Улуттук ыктыярчылар түйүнү, Казакстандын жарандык альянсы, Qazaqstan Team жаштар биримдиги, Ардагерлер уюму жана Казакстандык спортчулардын биримдиги бар.

Бир нече сааттан кийин Павлодар облусунун тургундары менен жолуккан Токаев кезексиз президенттик шайлоого "конкреттүү бир уюмдун эмес", "коомдук-саясий күчтөрдүн кеңири коалициясынын" атынан барса туура болорун билдирген. Анын айтымында, бул "өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын социалдык базасын түзүп", "президенттин ар кандай партиялар менен бирикмелерден бирдей аралыкта болуу принцибин орнотууга мүмкүндүк берет".

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда президенттикке талапкерлигин коюу ниетин Токаевден башка дагы төрт киши билдирди: "Ауыл" партиясынан Жигули Дайрабаев, Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынан Нурлан Ауесбаев, "Аманат" кесиптик кошуундар бирлигинен Мейрам Кажыкен жана түбү казакстандык Польшанын жараны Балли Мажец (Балжан Наурызбаева). 5-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Дайрабаевдин документтерин кабыл алып, Мажецтикин кабыл алуудан баш тартты.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG