Ссылки доступа

Тажикстанга барган орусиялыктар үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүүнү ойлонууда (видео)


Душанбедеги көчөлөрдүн бири

Мобилизация жарыялангандан кийин Тажикстанга качып барган миңдеген орусиялык үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүүнү ойлонуп жатышат.

Алар Тажикстанда жумуш жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар жок деп эсептешет. Тажикстандын расмий түзүмдөрү өлкөгө канча орус жараны киргени жөнүндө маалымат бере элек.

Никита Хожентке Москва шаарынан барган. Ал мындан ары Түркияга кетүүнү, ал жактан ыңгайлуу иш таап, саякаттоону улантууну пландоодо.

"Түркияга учканга чейин Тажикстанда болом. Түркияда иш таап, отурукташканга аракет жасайм. Мен Орусия менен визасыз режими бар өлкөлөргө чыгып кетүүнү караштырып жатам", - деди ал.

Тажикстанга барган орусиялыктардын бир бөлүгү Индия, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттарына кетүүнү көздөп жатышат.

Москвадан барган Максим бир нече күндөн бери Душанбеде жашап жатат. Жакын арада ал Өзбекстанга чыгып кетүүнү пландоодо.

"Тажикстанда интернеттин ылдамдыгынын начардыгы өтө кыйын абалда калтырды. Бул кырдаал жашоо жана иш үчүн башка варианттарды издөөгө түрттү", - деп кошумчалады ал.

21-сентябрда орус президенти Владимир Путин "жарым-жартылай" мобилизация жарыялаган. Эксперттер Коргоо министрлигине кеңири ыйгарым укуктар берилгенин, иш жүзүндө согушка ар бир киши тартылышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Москва Украинадагы согушка 300 миң резервистти жөнөтүүнү пландаганы айтылган.

Россияне, бежавшие от мобилизации в Таджикистан, подумывают о переезде в третьи страны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG