Ссылки доступа

Өзбек-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин бири убактылуу жабылды


Өзбек-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин бири убактылуу жабылды. Бул тууралуу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстандын "Казигурт" жана Өзбекстандын "С.Наджимов" көзөмөл өткөрмө бекеттери 6-октябрь күнү эртең менен саат 9:00дө туура бир суткага жабылды.

Буга "Узтрансгаз" акционердик коомунун эки өлкөнүн көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен өткөн газ куурларында гидросыноо иштерин жүргүзүп жатканы себеп болду.

Казак-өзбек чек арасындагы башка өткөрмө бекеттер адаттагы режимде иштейт.

XS
SM
MD
LG