Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө активист Муратбай Жумагалиев сабалды


Жаңы-Өзөн шаарында белгисиз кишилер каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын активисти Муратбай Жумагалиевди сабап кетишти.

Маалыматка караганда, окуя 6-октябрда болгон. Жумагалиев уулу менен үйүнө баратканда беткапчан кишилер кол салган. Азырынча активисттин баласы жаракат алган-албаганы белгисиз.

Көп өтпөй интернетке Жумагалиев ооруканага жеткирилген учур тартылган видео жарыяланды. Анда Жумагалиевдин оң буту марли менен таңылганын көрүүгө болот.

Видеону тартып жаткан киши "адамдар чындыкты айтканы үчүн куугунтукталбашы керектигин" билдирген. Мындан тышкары ал Жумагалиевдин үйүнүн тегерегине видеокөзөмөл камералары орнотулганын, бир аздан кийин ооруканага полиция кызматкерлери келе турганын айткан.

"Азаттыктын" казак кызматы активисттин абалын билүү үчүн Жаңы-Өзөн шаардык ооруканасы менен байланыша алган жок.

Муратбай Жумагалиев — коомдук көйгөйлөр боюнча өз пикирин ачык билдирип келген Жаңы-Өзөндөгү активисттердин бири. Быйыл июнь айында ал дагы бир жергиликтүү активист Нурлыбек Нургалиев менен бирге президенттик администрацияга кат жазып, бийликти 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон окуяларды кайрадан иликтөөгө чакырган.

Жумагалиев мындан тышкары Казакстанда каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын активисти. Өкмөттү сындап келген бул партиянын өкүлдөрү бийлик тарабынан басым болуп жатканына байма-бай даттанып келишет. Буга чейин алар түрдүү беренелер менен бир нече жолу административдик камактарга алынган. Апта башында Алматы соту Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтүн 12-ноябрга чейин узарткан.

XS
SM
MD
LG