Ссылки доступа

Тажикстанда жеңил автоунааларды алып кирүү көбөйгөнү менен баалары кымбат болууда


Тажикстандын Бажы кызматы быйыл алты айда өлкөгө жеңил автоунааларды алып кирүү көбөйгөнүн билдирди. Бул COVID-19 пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн алынышына байланыштуу болушу ыктымал.

Жашоочулар болсо өлкөгө кирген автоунаалардын саны көбөйгөнү менен алардын баасы арзандабай, тескерисинче, кымбаттап кеткенин айтып жатышат.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Бажы кызматынын төрагасы Хуршед Каримзода жарым жылда өлкөгө 21 миң жеңил автоунаа киргенин, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миңге көп экенин кабарлады. Автоунаа үчүн төлөнгөн бажы алымдарынан өлкө казынасына жапысынан 8,2 млн доллар киреше түшкөн.

Тажикстанга негизинен Европа өлкөлөрүндө, Жапония жана Түштүк Кореяда өндүрүлгөн автоунаалар келет. Дээрлик баары колдонулган машинелер, бирок баалары кымбат. Буга бажы төлөмдөрүнүн көбөйгөнү, унааларды алып келүүдөгү кыйынчылыктар себеп болууда.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG