Ссылки доступа

Чек ара: Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолукту


Баткен облусуна караштуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган өкүлдөр 6-октябрда Өзбекстандын Сох районунун жетекчиси Сайидбахром Саидмусаев жетектеген топ менен жолукту.

Облустук администрациядан кабарлашкандай, жолугушуу Боз-Адыр жана Шархабад айылдары чектешкен жерде өттү.

“Тараптар чек ара аймактарында чыр-чатактардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, алака-катышты күчөтүүнү макулдашты. Айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу, жайыт, сууга байланыштуу маселелерди убагында чечүү, окуяны ырбатпоону сүйлөштү”, - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын аймагында Өзбекстанга караштуу Сох району жана Тажикстандын Ворух анклавы жайгашкан.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунан 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон. Баткен-Халмион-Кадамжай жолу аткыланып жатканына байланыштуу Өзбекстан элди Сох анклавы аркылуу өтүүчү жолдор менен эвакуациялоого уруксат берген.

Чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарган.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Андан көп өтпөй тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп, айыптоолорду четке каккан.

Кыргызстан бул куралдуу кагылыштан 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG