Ссылки доступа

БУУнун Кеңеши Шинжаңдагы мусулмандардын абалын талкуулоо сунушун четке какты


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши 6-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен уюмдун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Шинжаңдагы лагерлер тууралуу баяндамасын талкуулабоо чечимин кабыл алды.

Сентябрдын аягында АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга карата жасап жаткан катаал мамилеси тууралуу атайын талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

Бул сунушту Адам укуктары боюнча кеңештин курамындагы 47 өлкөнүн 17си колдоп, 19у каршы болду. Дагы 11 өлкөнүн өкүлү добуш берген жок.

Сунушка каршы Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кытай, Непал, Индонезия, Камерун, Эритрея, Габон, Кот-д'Ивуар, Мавритания, Намибия, Сенегал, Судан, Боливия, Венесуэла жана Куба каршы добуш берди. Кеңештин курамындагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбү Кытайдын инвестицияларынан кол жууп калбоо коркунучунан улам ушундай добуш бергени айтылууда.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги АКШнын элчиси Мишель Тейлор бул сунуш "талкуу үчүн нейтралдуу форум түзүүгө" багытталганын билдирди.

Добуш берүүдөн кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, "АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Кытайды каралап, анын өнүгүүсүн жайлатуу үчүн Шинжаң тууралуу коомчулукка туура эмес маалымат таратып, адам укуктарына жамынып саясий манипуляцияларга аракет кылып келгенин" белгиледи.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин президенти Долкун Иса Индонезия, Пакистан жана Катар сыяктуу мусулман өлкөлөрү сунушка каршы добуш бергенине өкүнүп жатканын билдирди. "Эл аралык коомчулук уйгур геноцидинин курмандыктарын көңүл сыртында калтыра албайт", – деди Иса.

БУУнун Адам укутары боюнча комиссарынын баяндамасында Шинжаңдагы мусулмандарга карата жасап жаткан катаал мамиле геноцид деп жазылган эмес. Бирок айрым Батыш өлкөлөрү аны геноцид деп табышкан.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG