Алардын биринде сырткы көрүнүшү борбор азиялыктарга же Орусиянын түштүк аймактарынын тургундарына окшогон 30га жакын киши тартылган. Видеону алгачкылардан болуп жарыялаган "Осторожно новости" telegram-каналынын авторлору ага "Борбор Азиядан келген мигранттардын мобилизациясы" деген тема коюшкан.
Tik-Tok платформасына жарыяланган дагы бир видеодо орусча-тажикче аралаштырып сүйлөгөн аял Саиджон аттуу кишини согушка узатып жатканын айткан: "Аллахка ишен, чыйрак бол, Жараткан сактасын".
Кулинардык темадагы тасмалары менен таанымал "Юсупова 999" деп аталган ал тик-ток каналдын автору кийинчерээк мобилизациянын алкагында аскерге чакырылган агасын узатканын айткан.
"Өз башыңа келгенге чейин түшүнбөйт экенсиң. Жакынымды алып кеткенде гана түшүнүп, эртеден бери өзүмө келе албай жатам. Аскерде кызмат өтөгөндөрдү алып кетип жатышат, калгандары жөнүндө эч нерсе билбейм. Агамдын Орусиядан чыгуусуна 5-сентябрда эле тыюу салыныптыр. Анын 12-сентябрга Тажикстанга авиабилети бар болчу. Баары алдын ала пландалган окшойт", – деген ал.
"Осторожно новости" каналына кийинчерээк жарыяланган дагы бир видеодо көздөрүнө жаш алган аялдар эркектерди согушка узатып жатканы тартылган. Тасмада автобус турганын көрүп, айланасындагы адамдар өз ара тажик тилинде сүйлөшүп жатканын угууга болот.
Орусияда "жарым-жартылай" мобилизация жарыяланганга чейин эле соцтармактар менен ЖМКларга Украинадагы согушка катышып жүргөн тажикстандыктар тууралуу көптөгөн видеотасмалар жарыяланган. Миграция тармагындагы эксперттер буга биринчи кезекте Орусия менен Тажикстандын ортосундагы кош жарандуулук тууралуу макулдашуунун бар экени себеп болуп жатканын билдиришкен.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы беш жылдын ичинде 200 миңге жакын тажикстандык орус жарандыгын алган.