Ссылки доступа

ЖМК: Казакстанда Путинди президентим деп атаган жарандар менен атайын кызмат алектенүүдө


Владимир Путинди президентимин деп атаган Түндүк Казакстан облусунун тургундары менен Улуттук коопсуздук комитетинин облустук департаменти алектене баштады. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда видео жарыяланып, анда эки кыз Петропавлда турушарын жана шаарды "орустар байырлап келген жер" деп эсептешерин айтышкан.

Алардан кимге добуш бересиңер деп сураганда "Токаевге эмес, Путинге добуш беребиз" деп жооп кайтарышкан.

Мындан тышкары алар казакстандык достору Украинага каршы согушуп жүрүшкөнүн айткан. Казакстандын мыйзамдарында жалданмачылык үчүн жаза каралган.

Өткөн аптада Казакстандын ЖМКлары Орол шаарынын тургуну "кастыкты козутуу жана сепаратизм" үчүн соттолгону жатканын кабарлашкан. Калаа жашоочусу Максим Яковченко соцтармактарга "Казакстандын бир катар шаарларын Орусияга берүү керек" деп жазган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG