Шарль Мишель Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 26-27-октябрда Астанада болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат.
28-октябрда Еврокеңештин башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке барат.
"Евробиримдик Борбор Азия менен байланышты тереңдетүүгө жана аймактык кызматташууну колдоого даяр", – деп жазды ал.