Ссылки доступа

Казакстанда сот активист Галы Бактыбаевдин өлүмү боюнча актоо өкүмүн жокко чыгарды


Караганда облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы жарандык активист Галы Бактыбаевдин өлүмү боюнча акталган төрт кишиге карата өкүмдү жокко чыгарды.

Жабырлануучу тарап менен прокурор өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылгандан кийин облустук сот ишти жаңы курамдагы соттук коллегиянын кароосуна жөнөткөн. Бул 2019-жылы майда өз үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн активист Галы Бактыбаевдин өлүмү боюнча иштин үчүнчү жолу кайрадан каралышы. Буга чейин Караганда облусундагы кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотто сот арачылары айыпталуучуларга карата эки жолу актоо өкүмүн чыгарган.

Облустук соттун маалыматына караганда, буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарууга соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө процессуалдык нормалар бузулганы себеп болду: сот арачыларга буга чейинки жашыруун тергөөнүн материалдары көрсөтүлгөн эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул иш боюнча айыпталып жаткандар бири-бирине каршы көрсөтмөлөрдү беришкен. Бирок сотто алар тергөө алдын ала белгиленген сценарий боюнча жүргөнүн айткан. Айрымдары кыйноого кабылганын билдиришкен.

Былтыр июль айында сот арачылары активисттин өлүмүн уюштурууга айыпталган мурдагы полиция кызматкери менен ишкерди актаган. Мындан тышкары сот арачылары кылмыштын аткаруучусу экени айтылган эки кишини бул эпизод боюнча күнөөсүз экенин айтышкан. Алар Бактыбаевди анын өлүмүнөн бир нече ай мурда сабоого жана жергиликтүү жашоочулардын терезелерине ок атууга күнөөлүү деп табылышкан.

59 жаштагы активист жана коомдук ишмер Галы Бактыбаев 2019-жылы майдын аягында өз үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG