Ссылки доступа

Түркмөнстанда студенттер да аскерге чакырылууда 


Түркмөнстанда жогорку окуу жайларда окуу үчүн аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыруу жараяны татаалдаштырылды.

Аскердик комиссариаттар аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча арыздарды кабыл алууну токтоткондон кийин чет өлкөлүк ЖОЖдордо окуган студенттердин ата-энелерине балдарын өлкөгө кайтарууну талап кылган билдирмелер келе баштады.

Балкан облусунда жогорку окуу жайда окуу үчүн аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен кайрылгандарды дароо армияга алып кетишүүдө. Бул тууралуу 10-октябрда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

Түркмөнбашы шаарындагы өз булактардын кабарлашынча, өткөн аптада шаардык аскердик комиссариатка аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча ондогон арыз келип түшкөн, ведомство 50дөй өтүнүчтү четке каккан. Көбү аскерге чакырылган.

Редакциянын өз булактарынын айтымында, аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн аскер комиссариаттары 40 миң манат пара талап кылууда. Бул Түркмөнстандын расмий курсу боюнча 11,5 миң АКШ долларын түзөт.

Түркмөнстанда аскерге чакыруу жылына эки жолу – 1-апрелден 30-июнга, 1 октябрдан 31-декабрга чейин болот. Түркмөнстанда аскерде милдеттүү түрдө кызмат өтөө керек, келишимдик же альтернативдүү негизде кызмат өтөө жок.

XS
SM
MD
LG