Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок.
"Биз мурдараак ЖККУнун "Рубеж-2022" аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы", - деп айтылат министрлик берген маалыматта.
Бир нече күн мурда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн контингенти "Рубеж-2022" машыгуусуна катышары, ага Борбор Азия аймагынын аскердик бөлүктөрү тартылары айтылган. Машыгууга катышкандардын саны миң кишини түзүп тик учак, учак жана учкучсуз учактар баштаган 300дөй аскердик техника тартылмак.
10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулбас боордоштук" командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы "Эделвейс" полигонунда өтмөк.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.