Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстанга келгендердин жана жарандык алууга арыз бергендердин саны көбөйдү.
"Быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 30% көп. Былтыр тогуз айда Орусиянын 385 жараны кыргыз жарандыгын алууга арыз берип, 226 адам жарандык алса, быйыл 1631 адам арыз берип, анын ичинен 603 киши кыргыз жарандыгын алды", - деди Сардарбеков.
Президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрдагы жарлыгы менен 1790 адамга (1433ү чоңдор, 357си балдар) Кыргызстандын жарандыгы берилген. Президенттин басма сөз кызматы алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирген.