Мекеменин маалыматына караганда, каттоодон өткөн 78 жарандын 58и Түштүк Кореяга виза алды. "План боюнча 10-октябрда Түштүк Кореяга 22 жаран жөнөп кетти. Дагы 36 киши 16-октябрда жөнөтүлөт", – деп билдиришти министрликтен.
Тажик бийлиги он жыл мурда эле бир нече өлкө, анын ичинде Түштүк Корея тажик мигранттары үчүн жаңы багыт катары каралып жатканын, бул Тажикстандын орус эмгек базарына болгон көз карандылыгын азайтарын билдирген.
Түштүк Кореяда иштеп жүргөн тажикстандыктар маяналары жана эмгек шарттары жакшы экенин айтып келишет.