Ссылки доступа

Казакстанда сот ишкер Муратхан Токмадини мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруудан баш тартты


Казакстандын Улытау облустук соту камактагы ишкер Муратхан Токмадини мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгаруудан баш тартты. Ал "ТуранАлем" банкынын топ-менеджери Ержан Татишевдин өлүмү боюнча 2018-жылы он жарым жылга соттолгон.

Облустук сот 11-октябрдагы отурумунда Токмадини мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга "негиз жок" деген Жезказган шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Адвокаттар Токмади абакта бир да жолу эреже бузбаганын, эки жолу мактоого алынганын, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүткөнүн жана жумушка орношо алары тууралуу маалымкаты бар экенин белгилеп, аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга мыйзамдуу негиз бар деп эсептеп жатышат. Алардын айтымында, Токмадиге "жалаң гана жакшы" мүнөздөмөлөр берилип жатат. Мындан тышкары анын багууга муктаж беш баласы жана улгайып калган ата-энеси бар.

Өз кезегинде прокурор соттолуучу жаза мөөнөтүнүн жарымын да өтөп бүтө электигин айтып, соттон өтүнүчтү канааттандырбоону суранды.

Адвокаттар Токмадинин жаза мөөнөтүн айыптоо өкүмү чыккан 2018-жылдын мартынан эмес, ал кармалган 2017-жылдын июнь айынан тарта эсептөө керек экенин билдиришти.

Соттун өкүмүндө "Токмадинин өтүнүчү эртерээк берилгени белгиленип, ал өзүнүн оңолгону жана мындан ары абакта калышына зарылдык жок экени боюнча жетиштүү далилдерди келтирбегени" жазылган.

Быйыл август айында 56 жаштагы Муратхан Токмади мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгаруу өтүнүчү менен Жезказган шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин адвокаттар облустук сотко арыз беришкен.

Муратхан Токмади банкир Ержан Татишевди өлтүрүү айыбы менен 10 жарым жылга соттолгон. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал банкирди чет өлкөдө жашаган оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун буйрутмасы менен өлтүргөн. Өз кезегинде Аблязов Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин, Токмади менен тааныш эмес экенин айткан.

Быйыл март айында Токмади президент Касым-Жомарт Токаевге кат жазып, ишин кайрадан кароону өтүнгөн. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрү ага басым жасап, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөгө кол коюуга мажбурлашканын айткан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG