Ссылки доступа

Өзбекстандын бийлиги кышкысын калкка былтыркыдан көбүрөөк электр энергиясын берүүнү убадалады


Өзбекстанда быйылкы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөргө 34 миллиард 918 миллион киловатт-саат электр энергиясы берилет. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 540 миллион киловатт-саатка көп.

Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, электр энергиясынын 10 миллиард 938 миллион киловатт-сааты калкка, калганы экономиканын тармактарына берилет.

10-октябрда вице-премьер жана энергетика министри Журабек Мирзамахмудовдун катышуусунда өткөн жыйында быйылкы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөргө 30,6 миллиард куб метр жаратылыш газы берилери айтылган. Анын 10,4 миллиард куб метрин калк, калганын экономиканын тармактары пайдаланат.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө 15-сентябрдан тарта калкка 144 миң тонна көмүр берилгени, жыл соңуна чейин дагы 882 миң тонна даярдалышы керектиги айтылган.

Өзбекстанда жыл сайын күз-кыш мезгилинде электр жарыгын жана жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурап, буга байланыштуу нааразычылык акциялар өтүп турат.

XS
SM
MD
LG