Ссылки доступа

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды


11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлады. Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди.

Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты.

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөгөн.

Адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн глобалык алкакта иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү үч жылга шайланат. Кыргызстан өз милдетине 2023-жылдын 1-январынан тарта киришет. Буга чейин Адам укуктары кеңешине эки жолу 2009-2012-жылдары жана 2016-2018-жылдары шайланган.

XS
SM
MD
LG