Алардын айтымында, Курск облусу Украинанын Сума шаары менен чектешкендиктен, "атайын операциянын" таасири студенттер окуган райондо катуу сезилип жатат.
"Тёткиного күн сайын снаряддар түшүп жатат. Бизден 30 чакырым аралыкта жайгашкан Курск АЭСи үч жолу чабуулга кабылды. Коңшулаш Белгороддо жашоочулардын көбү көчүрүлдү, окуу онлайн режимине өттү", - деди студенттердин бири.
"Урматтуу Шавкат Мирзиёев, биздин окуубузду Өзбекстандагы медициналык жогорку окуу жайларга которууну сурайбыз", деп айтылган билдирүүдө.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги абалды өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин дипломаттары иликтеп, көйгөйлөрдү чечүү үчүн Курск облусуна кетишкенин маалымдады.
Ошол эле маалда Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өзбек жарандарына Украинадан чыгып кетүү кеңешин берүүдө.
Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 10-октябрда таңга жуук Украинанын Киев баштаган бардык ири шаарларына ракета менен сокку урулган. Жыйынтыгында 19 адам өлүп, 105 киши жарадар болгон.