Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө мунайчылар сабалган активистти колдоп, жумуштарын эки саатка токтотушту


12-октябрда "Өзенмунайгаз" компаниясынын жумушчулары өткөн аптада сабалган активист Муратбай Жумагалиевди колдоп, жумушту эки саатка токтотушту. Алар активисттин сабалышы боюнча тергөөнү тездетүүнү, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты.

Акциянын катышуучулары видеокайрылуу жазышты. Анда Нурлыбек Нургалиев аттуу жумушчу Муратбай Жумагалиев катуу сабалгандан кийин таяксыз жүрө албай калганын айтты.

"Муратбайды сабагандар табылганга чейин нааразылык билдирүүнү улантабыз. Анын үйүнүн алдындагы автоунаасын өрттөшкөн. Бул иштин бети ачылган жок. Сарайдагы жылкысын да өлтүрүшкөн. Эми аны катуу сабап кетишти. Ошондуктан Жаңы-Өзөн полициясынан бул иштин бетин ыкчам түрдө ачууну талап кылабыз”, - деди Нургалиев.

6-октябрда Жаңы-Өзөн шаарында белгисиз кишилер каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын активисти Муратбай Жумагалиевди сабап кетишкен. Жумагалиев уулу менен үйүнө баратканда беткапчан кишилер темир союлдар менен кол салганын билдирген.

Муратбай Жумагалиев сабалгандан кийин жергиликтүү полиция "Бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.

Муратбай Жумагалиев — коомдук көйгөйлөр боюнча өз пикирин ачык билдирип келген Жаңы-Өзөндөгү активисттердин бири. Быйыл июнь айында ал дагы бир жергиликтүү активист Нурлыбек Нургалиев менен бирге президенттик администрацияга кат жазып, бийликти 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон окуяларды кайрадан иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG