Ссылки доступа

Тажикстан жашоочулары электр энергиясынын өчүрүлүп жатканына даттанышууда


Күн салкындагандан бери тажикстандыктар электр энергиясы өчүрүлө баштаганына даттанышууда.

Өлкө жашоочулары бийлик электр энергиясы үчүн өз убагында төлөм жүргүзүүнү талап кылып, бирок эскертүүсүз күндүз да, түнкүсүн да жарыкты өчүрүп жатканын айтышууда.

“Таңкы сегизден кечки алтыга чейин жарыксыз отурабыз. Эмне себептен өчүрүп жатышканын түшүндүрүшпөйт. Күн салкындап калды, үйдө болсо балдар бар. Көмүрдүн баасы да улам кымбаттап жатат”, - деди Вахдат шаарынын тургуну Ражаб Саидов.

Түйүндөрдү бөлүштүрүү кызматынын башчысы Хуршед Умаров айрым маалелерде электр кубаты өчүрүлүп жатканын тастыктап, муну кыш мезгилине карата ремонт иштери менен байланыштырды. Бир нече жылдан бери “Барки Точик” энергохолдинги да ушундай эле түшүндүрмө берип келет.

Бирок жашоочулар аймакта эч кандай ремонт иштери жүргүзүлбөгөнүн белгилешүүдө.

Калкты электр энергиясы менен камсыздоо тажик өкмөтүнүн негизги маселелеринин бири болуп эсептелет. Бир катар ГЭСтер салынганы менен көйгөй чечиле элек. Быйыл январда бийлик өлкөнүн айыл чарба багытындагы аймактарында электр кубатына лимит киргизилгенин расмий түрдө жарыялап, чектөө майга чейин узарган.

XS
SM
MD
LG